• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Бейшембиев Пакистандын Лахор шаарындагы килем чыгарган фабрикага барды

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Лахор шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев джинсаларды жана килемдерди чыгарган” Lahore Apparel” and “Lahore Carpet” компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана кенейтүү зарылдыгын, ошондой эле кыргыз жана пакистандык жеке ишкерлердин ортосундагы түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүү зарылчылыгын белгилешти жана жетекчилердин Кыргызстанга жакында келиши мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Бейшембиев компаниялардын завод-фабрикаларында болуп, анда технологиялар жана өндүрүш кубаттуулуктары менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий