• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы" коррупция. Жаңы шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаңы шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына жана "Жаратылышты өнүктүрүү фондунун" (мындан ары - Фонд) кызматкерлерине карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Эске сала кетсек, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын каражаттарынын эсебинен жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары (325 млн сом) бөлүнөт. 3 жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 млн 568 миң сомду түздү. Көрсөтүлгөн акчанын 789 млн 568 миң сому жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга фонд тарабынан берилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана "Ходжаев" ЖКнын ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз түз келишим түзүлүп, жалпы суммасы 34 млн сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимдин мыйзамсыз түзүлүшүн экс-министр "КДА" колдоо кылган, ал эми "Хожаев" ИП экс-министрдин уулунун жакын досу.

КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, өлкөнүн базарларындагы комбинезондун баасы 11 млн сомдон ашпайт, 23 млн сомдук айырманы "К.Д.А" өзүнүн үй-бүлөсү өздөштүргөн.

Эксперттик комиссиянын 3 отуруму К.Д.А. тарабынан туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббирлөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталган. Экс-министрдин көрсөтмөсү менен төртүнчү жыйын комиссия мүчөлөрүнүн иш жүзүндөгү катышуусуз формалдуу түрдө өткөнүн Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү тастыктады.

Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт, каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча жүргүзүлдү, б.а. максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктоо менен экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн бекитилет жана каржыланат. Бюджеттик каражаттарды түз алып кетүүгө өзүнчө долбоорлор шылтоо болгон.

Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишине түздөн-түз кийлигишкени тууралуу түз далилдер келип түшкөн жана К.К. - экс-министрдин уулу "К.Д.А" долбоорду каржылоонун суммасынан 10% өлчөмүндө алган. Мындай көрсөтмөсүндө аталган мекеменин директору К.К. 5 чарбалык субъектилерден 17 млн сомдон ашык суммада компенсациялар алынган.

Ошондой эле, "А.Г.А" – экс-министрдин эжеси "К.К. "Жашыл Мурас" коомдук фондунун долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражаттын алынышына себеп болгон.

"A.Г.A." кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу үй камагына бошотулган.

Дагы бир факт – "Э.К." коомдук фондунун эсебине Чуй районундагы кичи ГЭСти курууга 23 млн сом которулган. Ал эми "Э.К." КФнын директору, чындыгында экс-министрдин үй кызматчысы болуп иштейт. Бөлүнгөн 23 млн сомдун 15 млну "К.Д." үй-бүлөсү өздөштүргөнү аныкталган.

Кылмыш иши козголгондон бери төмөнкү адамдар кармалып, айыпталууда:

1. Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-биринчи орун басары, эксперттик комиссиясынын төрагасы "С.К.Р." - УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

2. Жаратылыш ресурстар министрлигинин экс-орунбасары "И.Б.М." - УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

3. Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын директору, эксперттик комиссиясынын мүчөсү "К.Т.К." - УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

4. "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун директору "К.Ж.Т." – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

5. Фонддун экологиялык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү боюнча адиси "О. у Э." үй камагына чыгарылган;

6. Жакын тууганы "К.Д.А." - "A.Г.A.";

7. "К.Д.А." үй-бүлөсүнүн жакын мамилеси бар жеке ишкер "Х.Ш.Т." - УКМКнын СИЗОсуна камалган;

8. "Э.К." коомдук фондунун директору, "М.А.М." - чындыгында «"К.Д.А."нын үй кызматчысы -УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Учурда УКМК тарабынан дагы башка жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Жакынкы арада К.Д.А.нын катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүзүү пландалууда", - деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунан.

Пикир

Оставить комментарий