• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы түзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Кечээ, 21-июлда Бишкек шаарында өлкөнүн жеке нотариустарынын биринчи жалпы чогулушу болуп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашык делегат катышты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага КР президентинин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, адвокатуранын, министрликтердин жана ведомстволордун мүчөлөрү, ошондой эле эл аралык уюмдар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө нотариат тутумун реформалоо боюнча маалымат берилип, бул реформалардын эң маанилүү бөлүгү боюнча аткарылган иш-чаралар, б.а. республика боюнча нотариустардын ишин профессионалдык стандарттар жана этика жагынан жөнгө салуучу жана башка маанилүү функцияларды аткара турган бирдиктүү нотариустар палатасын түзүү маселеси каралды. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар Нотариалдык палатанын ишинин жалпы принциптерин макулдашты жана анын негизги органдарынын курамын шайлашты.

Юстиция министри Аяз Баетов бирдиктүү Нотариалдык палатанын түзүлүшү алдыга жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи.

"Юстиция министрлиги Палата менен толук кандуу кызматташууга, институционалдык калыптанууга жана өнүктүрүүгө тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр. Анын үстүнө мен түз эле айткым келет – биз сиздердин ишиңиздерде мамлекеттин катышуусунун деңгээлин төмөндөтөбүз. Ошол эле учурда Палата жеке нотариустардын ишин текшерүү жана дадаттанууларды кароо, экзамендерди өткөрүү процесстерине катышат", - деди министр.

Иш-чара USAIDдин «Жигердүү жарандар" долбоорунун жарым-жартылай колдосуу менен өттү.

"КР Юстиция министрлигинин бир катар функцияларын Нотариалдык палатага тапшыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык жерде, анын ичинде өлкөнүн эң алыскы булуң-бурчтарында нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө кыргызстандыктардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча милдеттенмесин көрсөтүп турат. USAID эксперттик жардам жана окуу материалдарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү аркылуу министрликтин реформаларына колдоо көрсөтүүнү улантат", – деди Эндрю Мэйбрук, USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда 90 мамлекеттик жана 340 жеке нотариус бар (2023-жылдын июлуна карата). Алардын 47% Бишкек шаарында, 27% Чүй облусунда кызмат көрсөтөт. Калган алты аймакта калктын санына жараша ар бир облуска бирден үчкө чейин мамлекеттик нотариустар бар. Мамлекеттик нотариустарга салыштырмалуу жеке нотариустардын ыйгарым укуктары чектелүү болгондуктан, айрым нотариалдык кызматтарды мамлекеттик нотариустардан гана алууга мүмкүн болчу. Бул бөлүштүрүү айыл тургундарын нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеңил жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, нотариалдык системаны түп-тамырынан бери реформалоонун себептеринин бири болгон.

Пикир

Оставить комментарий