• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

УКМК: "Жихадчылык" идеологиясынын кармануучулары КР жаранын уурдап, акча талап кылышкан

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. "Жихадчылык" идеологиясынын кармануучулары КР жаранын уурдап, андан ири өлчөмдөгү акча каражатын опузалап талап кылышкан. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-мартайында салттуу эмес “Салафия” диний агымынын өкүлдөрү аталган "Абдурахим", "Мура", "Хамза" жана "Алина" аттуу диний каймана аттары менен жихаддык идеологияны кармангандар, ошондой эле эки белгисиз адам КРнын 1994-жылы туулган С.Э.М., аттуу жаранынан, ишкерден 4 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын өздөрүнө алуу максатында уурдап кетишкен.

Уурдагандар ишкерди мыйзамсыз кармап, кыйноонун жана психологиялык басымдын натыйжасында жабырлануучунун кошумча 1 миң АКШ долларын алуу үчүн унаасын күрөөгө коюуга мажбурлашып, кошумча 5 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Жыйынтыгында Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдарга ылайык, 2022-жылдын 25-мартында кол салгандардын бири, мурда бир нече жолу соттолгон, өзбек улутундагы 1984-жылы туулган Б.А.Ж., аттуу Талас облусунун тургуну акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Пикир

Оставить комментарий