• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Сокулук айылынын М.Ж. аттуу тургунунун үйүнөн бир тоннадан ашык даяр электролит, 5 тоннадан ашык күкүрт кислотасы табылган. Алардын тиешелүү уруксат документтери жок болуп чыккан жана сактоо шарттары боюнча мыйзамдарды бузган. Ошондой эле салык органдарында эсепке алынбагандыгы такталган.

Белгилей кетсек, күкүрт кислотасын жана электролитти колдонуунун негизги багыттарынын бири наркотикалык препараттарды, анын ичинде алтын рудаларын кайра иштетүү үчүн өндүрүү болуп саналат.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий