• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк билим форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лондонго болгон жумуш сапарынын алкагында негизги спикерлердин бири катары Бүткүл дүйнөлүк билим форумуна катышып, “Туруктуу өнүгүүдө билим берүүнүн ролу” темасында баяндама жасады.

Ал өз баяндамасында Кыргызстандагы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду, анын ичинде бул тармакты өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатын көбөйгөнүн белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле, чогулгандардын көңүлүн адамдык капиталды өнүктүрүүдө “өлкө жетекчилиги тарабынан артыкчылык берилген” жөнүндөгү маселеге бурду.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Эдил Байсалов алдыңкы билим берүү мекемелердин жана дүйнөлүк университеттердин өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Белгилей кетсек, Форум эл аралык билим берүү тармагында жыл сайын өтүүчү дүйнөдөгү эң ири конференция болуп саналат. Анын негизги максаты – билим берүү көйгөйлөрүн талкуулоо, мектептерди, университеттерди өнүктүрүү жана мугалимдерди даярдоо үчүн жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү издөө.

Пикир

Оставить комментарий