• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматы апрель айында планды ашыгы менен аткарып, 8,8 млрд сом чогултту

Экономика 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын апрель айында Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды ашыра аткарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель айында иш жүзүндө республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнөн 8,8 млрд сом түшкөн.

Ошентип, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүч 100,5% аткарылды, же 46,8 млн сомго көп чогултулду.

2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда түшүүлөр 3,5 млрд сомго жогорулады, же өсүү темпи 165,4%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий