• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыкты

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. "Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен айыпталуучу Дашковдун баш коргоо чарасы соттук териштирүү бүткүчө үй камагына өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков 2020-жылдын майынан декабрь айына чейинки аралыкта товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү үчүн төлөм шылтоосу менен 1,1 млрд сомду жеке компанияга мыйзамсыз которгон деп айыпталган.

2021-жылдын 8-июнунда Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий