• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдүн жээгинде суучулдардын демилгеси менен ишембилик өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-июлда суучулдардын демилгеси менен көл жээгин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликте Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагынын тушу тазаланып, 3,5 тонна ар кандай таштанды чыгарылды.

Ошондой эле КР президентинин жарлыгы менен ӨКМдин суучулдары тарабынан март айынан бери көлдүн түбү тазаланып жатат. Көлдү таштандыдан тазалоо иштери башталгандан бери 119 күндө 214 миң гектардан ашуун аянт тазаланып, 11 миң 626 кг ар кандай таштанды, 97 миң 600 м балык кармоочу тор чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий