Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Каракол-Эңилчек унаа жолунда таш кулап, жолду жаап калды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, таш унаа жолдун 134-чакырымында кулаган.
"Болжол менен узундугу 40 метр таш көчкү түшүп, жолду жаап калган. Жолду таштан тазалоого №11 Жол тейлөө мекемеси тарабынан фронталдык жүктөгүч тартылып, учурда жолду ачуу иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий