• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокатта бажычылар 10 тоннадан ашык травертинди мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

Аймак 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Ноокатта бажычылар 10 тоннадан ашык травертинди мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат шаарында К.у.Э. аттуу КР жарынын башкаруусунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерүүдө «EvroPaint» соода маркасындагы декоративдик акрил түрүндөгү травертин каптоосу (суюк түрүндө) жана тунук лак табылган. Товардын жалпы салмагы 10 500 кг, баасы 660 000 сомду түзгөн. Жүк Өзбекстандан ЕАЭБдин КР аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз ташылып киргизилген.

Жогорудагы факт КБР АДС МКЖга каттоого алынып, чогултулган материалдарга карата процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүп берилди.


 

Пикир

Оставить комментарий