• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүү талабы коюлду

Аймак 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында өлкө башчынын «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын турмушка ашыруу максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында жыйын өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков, Жалал-Абад шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардык билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, аймактык башкармалыктын башчылары, айдоочулук мектептердин жетекчилери, коомдук транспорттордун айдоочулары катышты.

Жыйында ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков шаардагы ЖКККБнын башчыларына жол кырсыгын азайтуу максатында көзөмөлдү күчөтүүнү, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу жерлерде укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү кызматтар тарабынан жасалып жаткан иштерге карабастан, Жалал-Абад шаарында жол кырсыктарынын саны өскөндүгүн баса белгилеп, бир катар кызматкерлерге эскертүүлөрдү берди.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 2 айында шаар боюнча 22 жол кырсыгы катталып, 39 адам жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий