• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын бюджетине келип түшүүчү салык жана жыйымдардын көлөмү кескин төмөндөдү - вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө келип түшүүчү салык жана жыйымдардын көлөмү кескин төмөндөдү. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 150 млн сомго чейин жоготууга учурады.

"Киргизилген чектөөлөргө байланыштуу апрель айында шаардын жергиликтүү бюджетине 37,7 млн сом жыйналып, аткарылышы 37%ды эле түзүп калды. План боюнча жалпы 102,2 млн сом түшүшү керек эле. Ошондо 64,5 млн сом түшпөй калды. Ал эми январь - апрель айларына белгиленген план 386 млн 780 миң сом болсо, аткарылышы 299 млн 585 миң сомду түзгөн. Ал 87,2 млн сомго же 22,5%га аткарылбай калды", - деди ал.

Турдуев билдиргендей, бюджетке түшпөй калган 150 млн сомдун ордун толуктоо үчүн атайын адистер тарабынан бюджет кайрадан каралууда.

"Билим берүү, маданият, спорт тармагына 52 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. Ал каражат менен азырынча бюджетти толуктап турабыз", - деп белгиледи вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий