• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Милиция жаш өспүрүмдү издөөгө жардам берген балыкчылык жаранды сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Улан Кыдыргычев дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү табышууга көмөк көрсөткөн жергиликтүү тургун Келдибек Джумашевге грамота тапшырды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынан дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында шаар милициясынын демилгеси менен масштабдуу издөө иш-чарасы дем алыш күндөрү өткөрүлдү. Аталган иш-чарага мэриянын, мекеме-ишканалардын жана жаштардын өкүлдөрү кеӊири тартылды.

Шаар секторлорго бөлүнүп, милиция кызматкерлери жана коомчулук дайынсыз жоголгон адамдар жөнүндө маалыматтар камтылган атайын даярдалган издөө багыттамалары шаар тургундарына таратылып берилген.

Ушундай жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө «Заслон» күзөт агенттигинин смена башчысы Келдибек Жумашев милицияга телефон чалып, ал иштеп жаткан супермаркеттин жанында жаш өспүрүм бала жүргөндүгү жөнүндө кабарлаган.

Аталган билдирүү боюнча барган милиция кызматкерлери Садовое айылынын 13 жаштагы тургуну П.Б. аныкташып, жаш өспүрүм 10-августтан бери Чүй облусунун Москва РИИБде дайынсыз жоголгон катары каттоодо турганы маалым болгон.

Шаардык милициясынын башчысы грамотаны сыйлык ээсине тапшырып жатып, милиция кызматкерлери өзүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгүндө дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо боюнча талыкпаган эмгекти жумшап келишерин жана кайдыргерсиз коомчулуктун өкүлдөрүнүн чоӊ колдоосу менен бул багыттагы ишти дагы алдыга жылдырууга мүмкүн экендигин белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий