• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарынын аймагын жашылдандыруу боюнча тапшырмалар берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Президенттин "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарынын кире бериш аймактарындагы каралбай жаткан жер аянттарын өздөштүрүп, сейил бактарды куруу боюнча шаар жетекчилигине тапшырма берди.

Өкүлчулүктөн билдиргендей, учурда “64” аймагында Нарын дарыясынын жээгиндеги жер аянты түздөлүп, сейил бак курууга даярдалууда.

Бул жерге Сабыркул Ашимбаев өзүнүн үй-бүлөсүнун атынан жашыл арчанын көчөттөрүн алып берээрин айтты. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты жана облустук мекеме-ишканалар тарабынан ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү тигилээри мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, бою 1,5 метр жашыл арчанын бир түп көчөтү 2200-2500 сом турат. Шаарга можжевельник багынын көчөттөрүн тигүү шаар мэри Канболот Тутуев тарабынан демилгеленген. Бул демилге облус жетекчиси тарабынан колдоого алынып, бардык облустук мекеме-уюмдарга көчөт алып берүү жагы тапшырылган.

Учурда жашылдандыруунун үч айлыгынын алкагында Нарын облусунун бардык аймактарында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий