• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда “Кургак учукту бирге жеңебиз” бир айлык акциясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 24-февралдан 24-мартка чейинки аралыкта “Кургак учукту бирге жеңебиз!” деп аталган акция өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында шаардык кургак учукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков калаадагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана медайымдары менен окутуу өткөрдү.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 69 жаран кургак учук оорусуна биринчи жолу чалдыкканы аныкталган. Ал эми 2020-жылы көрсөткүч 72 адамды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий