• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта оор кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөндөр сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Сузакта оор кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөндөр сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун аймагында катталган оор кылмыштын бетин ачууда өздөрүнүн атуулдук милдеттерин так аткарып, милиция кызматкерлерине жардам бергендиги үчүн Сузак районунун тургундарына, Жалал-Абад шаарындагы №14 жана №16 орто мектептеринин окуучуларына, аларды чынчылдыкка, патриоттуулукка үндөө менен жүрүм-турумуна, тарбиясына жана билим берүүсүнө кошкон салымдары үчүн мектеп мугалимдерине ардак грамоталар тапшырылды.

Сыйлыктарды Сузак райондук милициясынын башчысы Замирбек Ормонов тапшырып, оор кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн жарандардын баарына ыраазычылык билдирди. Алар катталган кылмыш ишине кайдыгер карабай, кылмыштын бетин ачууда зор салым кошкондугун белгилеп, иштерине жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, ушул жылдын ноябрь айынын башында Сузак районунун аймагында жол кырсыгы катталып, андан бир адам каза болгон. Жогоруда сыйлык алган жарандардын берген маалыматтарынын негизинде кылмыш ишинин бети ачылып, окуяга шектүү жаран милиция тарабынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий