• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кайрымдуулук борбору жаңы жылдык белектерди таратты — Жалал-Абад мэриясы

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү“ кайрымдуулук борборунун кызматкерлери жаңы жылга карата жарандарга белектерди беришти.Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун короосунда музыка жаңырып, мында келгендерге майрамдык маанай тартууланды. Кайрымдуулук борбордо каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көзү азиз жана угуусу начар, багар-көрөөрү жок 60 адамга жаңы жылдык баштыктар таратылып,чакан концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү“ кайрымдуулук борборунун жетекчиси Нурбек Айсариев катышты.

Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук борбордо каттоодо турган 60 адамга күн сайын түшкү тамак берилет.

Пикир

Оставить комментарий