• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун чарбагына апийим өстүрүп келген

Аймак 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. ИИМ кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылынын 49 жаштагы тургунунун чарбагында апийим өстүрүп келгенин аныкташкан. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү маалында тургун апийимди өздүк керектөөсүнө жумшаш үчүн өстүрүп жатканын айткан.

Милиция кызматкерлери жалпысынан 42 түп апийим гүлүн табышкан. Бардык өсүмдүктөр экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча кылмыш иши ачылды.

Чийки апийим тамеки катары чегүүгө, чайноого колдонулат. Ал баңги заты катары колдонулуп, андан адам мас болот. Мындан улам ал көп өлкөлөрдө жүгүртүүгө тыюу салынган товарлардын тизмесинде №1 каражат болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий