• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын мэри: Социалдык коргоо боюнча тизмеде турган 662 жаранга өкмөт тарабынан 662 кап ун берилген

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо боюнча тизмеде турган 662 жаранга өкмөт тарабынан 33 тонна же 662 кап ун берилген. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Мэрдин айтымында, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн аймактык башкармалыктын башчылары, шаардык мэриянын, социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 6 фракциясынын депутаттарынан турган комиссия түзүлгөн.

"Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо боюнча тизмеде турган 662 жаранга өкмөт тарабынан 33 тонна же 662 кап ун берилген. Жардам тизмеде турган жарандарга үймө-үй өз даректерине жеткирилип жатат", - деди ал.

Аны менен бирге Тагаев тизмеде турган ар бир үй-бүлөгө ун 1 каптан (50 кг) тиерин айтып, 1 капты 2 үй-бүлөгө бөлүп берген жана сатылды деген учурлар жок экенин билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, аймактык башкармалык, үй комитеттери менен бирге жардамга муктаж адамдардын тизмеси түзүлүп, Жалал-Абад шаарындагы мекеме-уюмдар, мэрия бөлүнгөн каражаттардын эсебинен аларга жардамдар жеткирилүүдө.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий