• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Валенсияда жашаган Алиса: Испаниялыктар күн сайын дарыгерлерге кол чабуу менен рахматын айтышат

COVID - 19 0


Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир жарым миллионго жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, 9-апрель саат 08:45ге карата 1 миллион 514 миң 866 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Ал эми каза болгондордун саны 88 миң 444 адамга жетти. Илдеттен 329 миң 492 жаран айыккан.

Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлардын саны боюнча алдыда келе жаткан АКШдан кийинки тизмеде Испания турат. 9-апрелге карата Испанияда вирус жуктуруп алган 148 миң 220 миң учур катталган. Каза болгондордун саны 14 миң 792 адамга жетсе, 48 миң 021 адам айыккан.

Мындан улам "Кабар" улуттук маалымат агенттиги Испаниянын Валенсия шаарында жашап, туризм, онлайн жумуш, маркетинг тармагында эмгектенген мекендешибиз Алиса Рыскулова менен байланышып, ал жактагы кырдаал тууралуу сурады.

― Саламатсызбы, Испанияда канча жылдан бери жашайсыз? Өзүңүздү тааныштырып жана Испаниядагы учурдагы абал тууралуу айта кетсеңиз.

― Менин Испанияда жашаганыма 10 жылдан ашык убакыт болду. Жолдошум жергиликтүү тургун, аты Марк Каррерас Сабате. Биз өз ара жана өз чөйрөбүздө беш тилде эркин сүйлөшөбүз. Жолдошум экөөбүз ар кандай иш тармактарда: Испандык кафельдин түрүн дүйнө жүзү боюнча экспорттоо, андан тышкары туризм, онлайн жумуш жана маркетинг тармагында эмгектенебиз. Барселона шаарында көп жыл жашап келип, учурда жолдошумдун жумушуна байланыштуу Валенсия шаарында отурукташып калганбыз.

Учурдагы абал тууралуу айта турган болсом, коронавирус илдетин жуктуруп алган өлкөлөр боюнча 2-орунда Испания турат. Карантин расмий түрдө 17-март күнү башталган. Март айынын аягында ооруга чалдыккандардын саны билинбей өсүп кеткендигине байланыштуу карантин 26-апрелге чейин узартылды. Өлкөдө көп адамдар кыйын абалга душар болушту. Өзгөчө улгайган адамдарды көрүп бооруң ооруйт. Ошого карата да коопсуздук чаралар абдан күчөтүлдү. Европадагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде карантиндик режим катуу.

― Коронавирустан Испаниянын кайсы шаарлары көбүрөөк жабыркап жатат?

― Мадрид шаары эң көп ооруга чалдыккан эпидемиологиялык борборго айланды. Өлкө боюнча баш аягы ооругандардын 50 пайызы борбордо болуп жатат. Ошондой эле башка шаарларда да көбөйүп жатат десем болот.

Коронавирустун жайылышын токтотуу боюнча чаралар тууралуу айта кетсеңиз.

― Себепсиз көчөгө чыгууга болбойт. Башка мамлекеттерде каралган эрежелер сыяктуу эле Испанияда дагы тамак-аш алууга, дүкөндөргө, дарыканага, таштанды төгүп келүүгө, үй жаныбарларын сейилдетүүгө (үйдүн тегерегинде жайгашкан жерлерге гана) уруксат берилген.

Дүкөнгө барган кардарлар топ-тобу менен дүкөнгө кирип кетпестен, бири-биринен 1,5 метр аралыкты сактап, колун дезинфекциялык каражат менен тазалап, бир жолку колдонулуучу кол кап кийип кирип жатышат. Анан албетте, элдин баары беткап тагынып жүрөт.

Ал эми кызмат кылгандар: медицина жана полиция кызматкерлери, соода борборлордогу тамак-аш сатуучу жана тамак жеткирүү кызматындагылар, жүк ташуучу унаалар, коомдук жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочулары, такси кызматы (унаасы жок кызматкерлерди ташуу үчүн мамлекеттик транспорт) дайым иштөөдө.

Өлкө жетекчилиги ар бир жаранга жеткиликтүү маалымат берип, тартипти сактоонун эрежелерин үйрөтүүдө. Ошондой эле чек араларды жаап, элге болгон камкордугун көрсөтүп жатат. Чоң жолдордо полиция кызматкерлери жолдорду тосуп, унааларды текшерип жатат. Жеңил унаа менен жүрүүгө болбойт. Уруксат берилсе дагы, бир унаага бир гана адам түшүшү керек. Ар бир айдоочуда "уруксат кагазы" болушу шарт.

― Карантиндик режимди бузгандарга кандай жазалар каралган?

― Полиция кызматкерлери көчөдө жүргөн жарандардын эмне себеп менен чыккандыгын жана кайда бара жаткандыгын сурап-билүүгө укуктуу. Велосипед тээп, спорт менен машыгып, чуркап жүргөндөргө жана карантинди бузгандарга айыппул салынат. Тартип бузгандарга 600 евродон 30 миң еврого (55 миң сомдон 2 жарым миллион сомго) чейин айыппул каралган. Бирок, бул жактын элдери тартипти катуу сакташат. Алар жоопкерчилик ар бир инсандын колунда экенин жакшы түшүнгөндүктөн көчөлөр жымжырт.

― Азык-түлүк жактан көйгөй жаралган жокпу?

― Учурда азык-түлүк боюнча эч кандай маселе жок. Кудайга шүгүр, жетиштүү эле. Бирок март айынын ортосунда жарандар дүрбөлөңгө алдырып, даарат кагаздардые көп санда сатып алгандыктан дүкөндөрдүн текчелеринде жок калган. Азыр болсо, жыкжыйма тизилип турат (күлүп).

Жакшы жаңылыктардан айтсам, акыркы күндөрү Испанияда ооруга кабылып жана каза болгондордун саны азайып жатканы жарыяланды. Жергиликтүү калк бул каатчылыкты сабырдуулук менен кабыл алды. Элдер күн сайын кечки саат 20:00дө балконго чыгып, дарыгерлер жана медициналык кызматкерлерге арнап, кол чаап ыраазычылыгын билдирүүдө.

― Испаниянын Валенсия шаарында коронавирус жуктуруп алган кыргыз жарандары катталган жокпу?

― Биз жашаган жерде мен билгенден 10-12дей мекендешибиз жашайт. Баарын тааныйм, жолугуп турабыз. Ооруга чалдыккандар жок, кудайга шүгүр!

Көп адамдар карантиндин оң жагын көргөнү аракет кылышууда, сиздин пикириңиз кандай?

― Ооба, мен да карантиндин көп позитивдүү жактарын таптым. Үй-бүлөм үчүн тамактын түрлөрүн жасап, мурда убактым жетпей жүргөн кызыктуу китептердин майын чыгарып окуп жатам. Онлайн иштер менен да алекмин. Андан тышкары 2-3 интернет курс сатып алып, өтүп жатам. Марафондорго дагы катышуудамын, айтор бош убакыт аз. Алдыда кыла турган иштер абдан көп. Ошондой эле ымыркай кызымды көтөрүп алып, тамдын чатырындагы террасага чыгып сейилдейбиз. Же болосо, балконго чыгып эшикти, асманды, күндү карайбыз (күлүп).

Кыргыз өлкөсүндөгү бүгүнкү абал жөнүндө угуп жатсаңыз керек. Мекендештериңизге айта турган сөзүңүз барбы?

― "Бүгүнкү күндөгү дүйнөдө болуп жаткан кырдаал туруктуу эч нерсе жок экенин, ар кандай күтүүсүз өзгөрүүлөргө даяр болуш керек экендигибизди далилдеп жатат. Кыргыз элиме карантинде убакытты туура пайдаланып, чет тилдерин үйрөнүп, кызыктуу китептерден окуп, ар тараптуу болуп, алдыга жаңы максаттарды коюп, аларды орундатса болот деп айткым келет. Себеби, максаттарга жетүү үчүн тартип, ырааттуулук, үзгүлтүксүз билим алуу керек. Эң башкысы ден соолук, жан дүйнөбүзгө тынчтык, ишеним жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!", - деп алыскы Валенсия шаарынан ысык салам жолдогон кыргыз кызы Рыскулова Алиса.

Пикир

Оставить комментарий