• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Басымдуу бөлүгү Бишкекте. Кыргызстанда дагы 25 адамда COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 8-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 25 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 32 адамга жетти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарында - 18 жана Чүй облусунда - 7 коронавирус жуккан жаңы учур катталды", - дейт Үсөнбаев.

Ал маалымдагандай, жаңы учурлардын экөө сырттан келген, 13ү байланышта болгондордун арасынан аныкталса, калган калган 10 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Пикир

Оставить комментарий