• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 11 миң 538 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 538 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 353 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 185 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 76 миң 817 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 858 миң 216 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий