• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 152 адамдан COVID-19 жаңы табылып, алты бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.08.21./Кабар/. Кыргызстанда 30-августка карата коронавирус дагы 152 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 67, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 19, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 43, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 300 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 889 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 417 киши айыгып чыкса, 2 миң 524 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий