• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун мэри бир катар социалдык мекемелердин иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы бир катар социалдык мекемелердин иши менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэр Ош мамлекеттик университетинин карамагына өткөн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имаратына барды. Бул жерге жалпы аянты 20 миң чарчы метр болгон 312 орундуу 7 кабаттуу жаңы заманбап имарат куруу пландаштырылууда.

Ошондой эле калаа башчы “Ак-Тилек” кичи районундагы жаңы шаардык клиникалык ооруканада болуп, инвесторлордун жардамы менен 250дөн ашык орундуу жаңы кошумча корпустун курулушу пландалып жаткан долбоор менен таанышты. Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтарга керектүү документтерди даярдоону жана бардык мамлекеттик органдар жана ведомстволор менен макулдашууну тапшырды.

Кыдыруунун соңунда мэр Ош шаардык билим берүү башкармалыгына барды. Анда мекеменин иши, материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бакытбек Жетигенов Ошто шаардык ведомстволук жана муниципалдык кызматтар үчүн жаңы административдик имарат куруу пландалып жатканын, анда Ош шаарынын билим берүү башкармалыгына да жайлар бөлүнөрүн баса белгиледи. Бул маселе боюнча тиешелүү кызматтарга ишти баштоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий