• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө өткөн рейдде мас айдоочулар кармалды, арасында аялдар дагы бар

Аймак 0


Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Жайкы туристтик мезгилде жол коопсуздугун сактоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында дем алыш күндөрү атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-27-июнь аралыгында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү курорттук-эс алуу жайларынын негизги бөлүгү жайгашкан калктуу пунктарда рейд жүргүзүштү.

«Эки күндүк иш-чарада жол эрежелеринин талаптарын бузуу боюнча 72 факты аныкталган, анын ичинен 7 айдоочу мас абалында автоунааларын башкарып жүрүшкөн. Тилекке каршы, мас айдоочулардын арасында аялдар дагы жок эмес. Айып төлөөчү жайга 12 автоунаа токтотулду», - дейт Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов.

Мекемеден белгилегендей, ар бир жол кыймылынын катышуучусунун кыраакылыгы жалпы жол коопсуздуктун ачкычы болуп саналат. «Эгерде, жол эрежесинин бузулгандыгына күбө болсо, кайдыгер болбой, дароо жакынкы милицияга кабарлоо туура чечим болот. Жооптуу жарандык позиция, жолдордогу жол кырсыктарынын алдын алууга, демек, алардын орду толгус кесепеттерин арылтууга болот»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий