• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун даярдыгы 58%ды түзөт

Аймак 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Ошто тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун даярдыгы 58%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ош шаарындагы тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 25-июлда башталган. Долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген.

Бүгүнкү күнгө Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк коомдук фондунун эсебинен 60 млн сом акча каражаты каржыланды. Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп, оорукананын пайдубалы, темир конструкцияларды орнотуу, жылытуу системасы жана ички суу түтүктөрдү орнотуу, терезенин кашектерин орнотуу жумуштары бүткөрүлдү.

Учурда чатыры жана эшиктерди орнотуу жумуштары аяктоодо. Ошондой эле сырткы канализация, өрт өчүрүү системасын орнотуу, жасалгалоо жумуштары жана желдетүү системасын орнотуу жумуштары аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий