• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Митингдерден коркуунун кереги жок - Бактыгулов

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов кечээ болуп өткөн парламенттик шайлоонун өтүшүнө каршылык билдирген саясий партиялардын митинггине байланыштуу комментарий берди.

"Митингдерден коркуунун кереги жок. Ал чогулуштун максаты кызыктырат - ал эмне үчүн өткөрүлүүдө. Албетте жарандар чогулуп, өзүнүн оюн, сын-пикирин айта алат. Ал жерде Конституцияга каршы мүнөздөгү чакырыктар болбошу керек", - дейт ал.

Ал биометрика системасы тууралуу айтып өттү.

"Мурда чынында фальсификациялар болуп келген. Анда шайлоо бюллетендерин 300, 700дөп үкөккө салышчу. Үкөккө салынган бюллетендер алынып, башка депутатка белги коюлган болсо, ал өрттөлүп, үкөккө башка бюллетень салынчу. Азыр андай жок. Бизде эки жолку көзөмөл системасы киргизилген. Бизде бюллетендер автоматтык түрдө эсептелип, андан кийин колго эсептелет. Бир шайлоочу - бир добуш принциби, башкача айтканда биометрика киргизилди. Адам экинчи ирет добуш бере албайт", - дейт ал.

Анын пикири боюнча №2 форманы партиялар аймактык 0,7% босогосун өтүү үчүн колдонушат.

Пикир

Оставить комментарий