Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өттү.
Мамлекет башчысы техникалардын баарын карап чыгып, жаңы автобустардын техникалык мүнөздөмөсү менен таанышты.
Салтанаттуу сөзүнөн кийин Садыр Жапаров министрликтердин жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, автопарктын толукталышы менен куттуктады.
Белгилей кетсек, атайын техникалар КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына берилди. Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий