• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Депутаттар Тик-Токтогу видеолорду катуу көзөмөлгө алуу керектигин айтууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-февралдагы жыйынында депутаттар Тик-Ток тиркемесиндеги видеолорду катуу көзөмөлгө алуу керектигин айтып чыгышты.

Депутат Шайлообек Атазов Тик-Ток жаш муундарга терс таасир тийгизип жатканын айтты.

“Алмаз Акунжанович, (президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү) Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырма берип, ушул боюнча иш алып барбайсыздарбы. Уятко, үй-бүлө менен кантип көрүп жатышат. Биздин улуттук баалуулуктар, улуттук саясаты болушу керек да. Ушул тармакты карап жаткан тармак эмне менен алек болуп жатат. Башка өлкөдө, Өзбекстан, Казакстанда мындай жокко”, - дейт эл өкүлү.

Ал эми депутат Таалайбек Масабиров Тик-Токтогу видеолорду Маданият министрлиги сөзсүз түрдө көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.

“Азыр Тик-Токту карагандан коркуп калдым. Жаш балдарды спортко үндөш керек. Биз маданиятыбызды, идеологиябызды жандандырышыбыз керек. Азыр ич кийимин башына чейин кийип алган видеолор болууда. Коңшу өлкөлөрдө мындай такыр жок. Кыргызстанда эмне пилоттук долбоор катары киргизип жатабы. Бизге такыр жакпайт. Алмаз Акунжанович, Маданият министрлигине айтыңыз, көзөмөлдөсүн”, - деди Масабиров.

Пикир

Оставить комментарий