• 87.86
  • 93.94
  • 1

ЖЭБдеги авария. Энергетика министри жабыркагандардын абалынан кабар алды

Коом 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаал учурунда күйүк алган эки кызматкерден кабар алды

Учурда алар Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү илимий-изилдөө институтунда дарыланып жатышат.

Таалайбек Ибраев дарыгерлер менен баарлашып, жабыркагандардын абалынан кабардар болуп, алардын тез арада сакайып кетишине Энергетика министрлиги жана Бишкек шаарыны ЖЭБи тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлө тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан жабыркаган кызматкерлер Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында дарыланып, 9-майда Бишкек шаарына кайтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий