• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөбөгөндөргө 5 миң сомго чейин айып салынат

Экономика 0

Бишкек, 22.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. 1-сентябрда транспорт каражатына, турак үй, батирге жана жер тилкелерине салык төлөөнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык органынан белгилешкендей, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндөргө жана мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди убагында тапшырбагандарга айып пул салынат. Анда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып каралган.

Маалыматка таянсак, 20-августка карата Мамлекеттик салык кызматы 2,7 млрд сом мүлк салыгын чогултту.

Анын ичинде:

– кыймылсыз мүлк салыгы боюнча түшүүлөр 1 млрд 155,6 млн сомду түздү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 120,6 млн сомго көп;
– кыймылдуу мүлк салыгы боюнча түшүүлөр 574,8 млн сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,3 млн сомго жогору;
– жер салыгы салыгы боюнча түшүүлөр 1 млрд 7,9 млн сом болду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 129,2 млн сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий