• 85.5
  • 92.81
  • 0.89

10-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Талас облусунда +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын облусунда +1...+6 градус жылуу болот. Ал эми Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаап, абанын температурасы +11...+13, Ош шаарында +12...+14 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий