• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Достук" паркын көрктөндүрүү жана техникалык жардам көрсөтүү. Бишкек мэриясы менен Корея элчилиги меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда эки өлкө ортосундагы "Достук" паркын көрктөндүрүү жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, документке Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Кореянын элчиси Ли Вонджэ кол койду.

Бишкектин мэри Корея элчилиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле Корея Республикасынын "KOICA" эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясына көрсөтүлгөн финансылык көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, калаа башчысы мындан ары социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудаэки тараптуу жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы мындан аркы эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө корей тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Бул гранттык долбоордун максаты элчилик тарабынан муниципалитеттин муктаждыктары үчүн техникалык жабдууларды жана автомобилдерди акысыз негизде берүү аркылуу мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий