11 айда Жалал-Абад облусунда мал уурдоо боюнча 152 факты катталган

Аймак 0


Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11 айында Жалал-Абад облусунда 152 мал уурулук фактысы катталып, анын ичинен 84үнүн бети ачылган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уурдалган 381 баш малдын 151и ээлерине кайтарып берилген.

"Мал уурулук кылмыштарына шектүү катары 68 адам кармалып, 23 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, 45 адам сот органдары тарабынан үй камагына чыгарылган. Мал уурулук боюнча кармалган 68 жарандын ичинен 40 адамдан турган 18 кылмыштуу топ кармалган. Алар 54 мал уурулук фактыларын жасашкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул аралыкта милиция тарабынан уурулуктун алдын алуу максатында 8 жолу “Мал уурдоо” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан мал уурулуктарынын алдын алууда биргелешип иштөө максатын көздөгөн видеоролик даярдалды. Анда уурдалган малдардын көпчүлүгү жайлоодо, жаз, күз мезгилдеринде жакынкы жайыттарда кароосуз калгандыгы, ошондой эле чек арага жакын аймактарда дагы мал уурулук фактылары арбын катталгандыгы белгиленет. Видеороликте кылмышкерлер үчүн кароосуз калган мал жандыктарын уурдоо оңой жолго тураары, жарандар өз малдарын кароосуз калтырбай, көзөмөлгө алуу керектиги, малчылар сарайларга кулпу жана видеокамераларды коюу зарылдыгы эскертилет.

Пикир

Оставить комментарий