Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. 2019-жылы пенсия жана жөлөкпулга 45 млрд 290,3 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарына 7 млрд 444,6 млн сом, Чүй облусуна 7 млрд 010,5 млн сом, Нарын облусуна 3 млрд 671,1 млн сом, Ысык-Көл облусуна 4 млрд 116,8 млн сом, Талас облусуна 1 млрд 875,6 млн сом, Ош шаарына 1 млрд 627,9 млн сом, Ош облусуна 8 млрд 296,9 млн сом, Баткен облусуна 3 млрд 603,1 млн сом, Жалал-Абад облусуна 7 млрд 643,8 млн сом бөлүнгөн.
Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2019-жылдын декабрь айына 4 млрд 012,3 млн сомду түздү.
Пикир
Оставить комментарий