2023-жылы Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1,9 миңден ашуун кепилдик берилген

Экономика 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. 2023-жылы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн Кепилдик фонду тарабынан 940 млн сом суммасында 1 миң 943 кепилдик берилген. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ААКсынан билдиришти.

Фонддун маалыматына караганда, аялдардын ишкердиги бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө бир топ салым кошууда. Ишкер аялдар ар кандай тармактарда ийгиликтүү бизнес жүргүзүп жатышат.

"Фонд ишкердик менен алектенген аялдарга артыкчылыктуу кепилдик колдоо көрсөтүүнү улантууда. Өткөн жылы берилген кепилдиктердин жалпы санында аялдардын ишкердигинин үлүшү 41% түздү", - деп айтылат маалыматта.

Алсак, 2023-жылы Кепилдик фонд 940 миллион сомдон ашык суммага 1943 кепилдик берүү аркылуу аялдардын ишкердигин колдоого алган. Кепилдик берүү 2023-жылы ишкерлерге 2,3 миллиард сомго жакын кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берген.

"Кепилдик фонд" ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 2,3 млрд сомдон ашык суммага 2984 кепилдик берилип, бул ишкерлерге 6,7 млрд сомдон ашык суммада банктык кредиттерди берген.

Пикир

Оставить комментарий