• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

2024-жылдын ноябры тарыхтагы экинчи эң жылуу ай болду

Дүйнө 0

Бишкек, 09.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. 2024-жылдын ноябрь айы дүйнөдөгү аба ырайын байкоо тарыхындагы экинчи эң жылуу ай болду. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги климаттын өзгөрүшү боюнча Европалык “Коперник” кызматына таянуу менен жазды.

Кызматтын маалыматына ылайык, 2024-жылдын ноябрында глобалдык орточо температура деңгээлден 1,62°C жогору болгон, бул 2023-жылдын ноябрынан кийин экинчи орунда.

“2024-жыл деңгээлден 1,5°С ашкан рекорддук эң жылуу болору дээрлик анык”, - деп белгиледи кызмат.

Бул жыйынтыктар дүйнө жүзү боюнча спутниктерден, кемелерден, учактардан жана метеостанциялардан алынган миллиарддаган өлчөөлөрдүн негизинде чыгарылган.

Аталган кызматтын директорунун орун басары Саманта Берджесстин айтымында, 2024-жылдагы маалыматтар Париж келишиминин максатын мүмкүн болгон жерде 2 градустан төмөн калуу максатын өзгөртүү дегенди билдирбейт.

"Бирок, бул климаттын өзгөрүүсүн коргоо үчүн чара көрүү дегенди билдирет. Бул азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү”, - деп белгиледи ал.

Париж келишими - глобалдык жылуулукту деңгээлден 2°C төмөн чектеп, аны менен катар ушул кылымдын аягына чейин аны 1,5 градуска чейин чектөөнү көздөйт. Бирок, бул максаттар жылдык өзгөрүүлөргө эмес, 20 же 30 жылдык мезгил ичиндеги орточо глобалдык температурага негизделген.

Европа кызматы ошондой эле Антарктикадагы деңиз музунун деңгээли ноябрь айында эң төмөнкү айлык деңгээлге жетип, орточо көрсөткүчтөн 10 пайызга төмөн болуп, 2023 жана 2024-жылдары байкалган тарыхый чоң терс аномалиялардын сериясын улантканын билдирди.

Ноябрь жер үстүндөгү абанын глобалдык орточо температурасы деңгээлден 1,5°С ашкан 17 айлык мезгилдин 16-айы болду.

Пикир

Оставить комментарий