• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

2024-жылга чейин чыгарылган акциздик маркалардын калдыктары жок кылынды

Экономика 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы эски дизайндагы акциздик маркалардын калдыктарын жок кылуу процессин жыйынтыктады. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Бул маркаларды жок кылуу меште күйгүзүү жолу менен жүргүзүлдү. Процесс акциздик маркаларды жок кылуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын катышуусунда өттү.

Бул иш-чаралардын алкагында банкта сакталган, 2024-жылга чейин чыгарылган акциздик маркалардын бардык калдыктары жок кылынды.

Эскерте кетсек, КР мыйзамдарына ылайык, республиканын аймагында 2023-жылы жана андан мурда жасалган акциздик маркалары бар алкоголдук продукцияларды жүгүртүүгө тыюу салынган.

Салык кызматы эски үлгүлөрдү алмаштыруу үчүн 2024-жылдын дизайнындагы акциздик маркаларды берүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий