• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстандан инвестициялардын чыгып кетүү агымы 16 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-мартында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 16,0 пайызга көбөйдү жана 479,1 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 367,0 млн. долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдө чыгып кетүү агымынын менчик капиталы 5,5 пайызга көбөйгөнү жана ошондой эле кайра инвестицияланган пайданын – 2,5 эсеге (анын көлөмү ишкананын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан (чыгашасынан) жана төлөнгөн дивиденддерге жараша болот) белгиленди.

Нет описания.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (94 пайызга жакыны) иштетүү өндүрүшү, геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди казуу ишканаларында байкалды. Муну менен бирге, инвестициялардын чыгып кетүү агымы иштетүү өндүрүшүнөн 11,9 эсеге көбөйсө, ал эми геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө, тескерисинче, 6,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуудан – 4,5 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29,8 пайызга көбөйдү, бул негизинен, алардын Канадага (99,1 эсеге) жана Кошмо Штаттарга (1,6 эсеге) көбөйүшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын Улуу Британияга чыгып кетүү агымы - 4,9 эсеге, Түркияга - 3,0 эсеге, Кытайга - 2,8 эсеге чыгып кетүү агымынын төмөндөдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Канадага (68,1 пайызы), Кытайга (19,6 пайызы) жана Түркияга (1,7 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,2 эсеге төмөндөдү, бул инвестициялардын Казакстанга (5,6 эсеге) жана Россияга (1,8 эсеге) чыгып кетүү агымынын төмөндөшүнүн эсебинен болду.

2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу Ысык-Көл облусунан жана Бишкек ш. башка, бардык региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Ысык-Көл облусунун ишканаларына – 69 пайызга жакыны, Чүй облусуна - 13 пайыздга жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 12 пайызга жакыны, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 7 пайызга жакыны туура келди.

Пикир

Оставить комментарий