• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кочкор районунун бюджетинде 36 млн сомго жакын каржы бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 11-декабрында Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кочкор районунун бюджетинин аткрылышына аудит жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, шайкештик аудиттин жыйынтыгында Кочкор райондун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышында 35 млн 979,6 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинде:

- КР бюджеттик тутумундагы бюджеттик каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү – 3307,5 миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 97,0 миң сом;
- КР бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджетке которуу/эсепке киргизүүдө укуктук негиздердин жоктугу же туура келбеши – 195,3 миң сом;
- КР бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 502,6 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууда бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 1386,4 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөн ашык чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) – 1742,1 миң сом;
- КР бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар – 251,8 мин сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 2936,1 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 79,4 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 62,5 миң сом;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу – 20327,1 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар – 5091,8 миң сом.

Мындан тышкары, 11 (он бир) жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КР президентинин Нарын облусундагы өкүлүнө, айылдык кеңештин төрагаларына отчет, аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий