• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Аймагын кар-муздан тазалабаган мекеме-уюмдарга айып салынат

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкекте аймагын кар-муздан тазалабаган мекеме-уюмдарга айып салынат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 8-11-декабрда мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан имаратка жакын аймактарды кардан жана муздан тазалоо боюнча рейд уюштурулган. Инспекция 200дөн ашык мекеме-уюмду кыдырып, 48 буйрук чыгарган.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык министрликтер менен ведомстволор, ишканалар, соода борборлору, дүкөндөр, күркөлөр жана башка уюмдар менчигинин түрүнө карабастан имараттын жанындагы аймактарды кардан жана муздан тазалоого милдеттүү экенин эскертет.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 77 токтому менен бекитилген Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин 5.6-пунктуна ылайык, объекттердин жана (же) аймактардын менчик ээлери же пайдалануучулары бекитилген жана жанаша жайгашкан жерлерде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду, унаа токтотуучу жайларды кардан жана муздан тазалоосу керек.

Болбосо, мыйзам бузуучуларга КР Укук бузуулар кодексинин 114-беренесине ылайык айып салынат:

- Калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу, ошондой эле ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо – эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Пикир

Оставить комментарий