• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

2026-жылдан тарта бийик тоолуу аймактардагы 3 жашка чейинки бардык балдар жөлөк пул алат

Президент 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап, алар 3 жашка чыкканга чейин, алардын социалдык-экономикалык абалына карабастан, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу дайындоо каралган.

Мындан тышкары, мыйзамда «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби КР министрлер кабинети тарабынан бекитилери белгиленген.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий