• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков Эгемендүүлүк күнү акын Аалы Туткучевдин аткарган ыры боюнча пикирин билдирди

Президент 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде Көз карандысыздык күнүн белгилеп жатканда акын Аалы Туткучевдин ырдаганы коомчулукта талкуу жаратканы жөнүндө суроого жооп берди.

«Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат. Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков эл аралап көп жүргөнүн, эл менен жоолукканда ар кандай маселелер, көйгөйлөр менен көптөгөн кайрылуу келерин баса белгиледи.

«Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз. Баардык эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз», — деп белгиледи Президент.

Ал көйгөйлүү маселелерди эки жылдан бери айтып келе жатканын жана алар боюнча иш жүрүп жатканын баса белгиледи.

«Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча. Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз. Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент дүйнөнүн көп алдыңкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкенин кошумчалады.

«Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат. Ошол үчүн бул санарип саясатына абдан катуу көңүл буруп жатам. Барган жеримде, бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам. Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Эл коюп жаткан талапты биз аткара албайбыз. Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Аалы Туткучевдин ыры анын жүргүзүп жаткан саясатын элге дагы жакындатты деген оюн билдирди.

«Мен мына ушундай кабыл алдым. Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм. Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлойм», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий