Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. 27-28-ноябрь күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев мамлекеттик визит менен келсе, эртеси күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт.
Алдыда күтүлүп жатка иш-чараларга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:
- "Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
- Фучиктен Чүй проспектисине чейин;
- Жибек Жолунан Манас проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Манаска чейин;
- Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсүнөн Абдрахманов көчөсү менен Бөкөнбаевге чейин;
- Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринен резиденцияга чейин.
"Урматтуу шаар тургундары, киргизиле турган убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий