• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте гандбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөр аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Бишкекте Октябрь районуна кирген билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында гандбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке жалпы жонунан 12 команда катышып, алдыңкы төрт орунга илинген команда шаардык мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Жарышта биринчи орунду № 71 мектептин окуучулары жеңип алды. Экинчи орунга №64, үчүнчүгө №88 жана №60 мектептин балдары илинди.

Белгилей кетсек, Гандболдон сырткары ушул жылы спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүүдө. Алар кичи футбол, волейбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, үстөл тенниси, ордо, бадминтон жана дартс.

Пикир

Оставить комментарий