• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулук райондук милициясы дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кызды издеп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук милициясы 1995-жылы туулган Таалайбек кызы Нуржанды издеп жатат. Ал 17-октябрда Ак-Ордо жаңы конушунун Жаштык көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы узун, кара. Үстүндө мезгилге жараша кийинип жүргөн.

"Таалайбек кызы Нуржандын кайда экенин билгендер болсо, Сокулук райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий