• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

31-августка карата 100 өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылат – кабмин

Өкмөт 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында үстүбүздөгү жылы республика боюнча 100дөн ашык социалдык объекти жана 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачылат.

Республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата 50дөн ашык социалдык объекти ачылат, алардын ичине мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, турак-жайлар, спорт мекемелери, маданият мекемелер кирет.

Ошондой эле 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылат, анын ичинде кичи ГЭСтер, курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, соода-логистикалык борборлор, текстиль фабрикалары жана башка ишканалар.

Пикир

Оставить комментарий