• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Абылгазиев: Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин тактоо «жөнөкөйдөн татаалга» принциби боюнча улантылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 31-майда, Дүйшөмбү шаарында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуу 1-июнда өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында орун алды.

Өкмөт башчы 2017-жыл чындыгында да кыргыз-өзбек мамилелериндеги арымдуу жылдардан болгондугун баса белгиледи.

«Жана да биз Кыргызстанда Өзбекстан менен калыптанган өз-ара ишеним жана стратегиялык өнөктүктү абдан баалайбыз. 2018-жылы биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгына карата биз өткөн жылы алынган темпти басаңдатпастан, кыргыз-өзбек кызматташтыгын жана өз-ара аракеттешүүсүн тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө ниеттенүүдөбүз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын Өкмөтү Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө артыкчылыктуу маани берет.

«Мамлекет башчылары биздин алдыбызга жыл соңуна дейре товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү максатын койду. Буга байланыштуу товар жүгүртүү деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизүүчү өлкөлөр орртосундагы чектеш сооданы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын чектеш облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешин жана Өзбекстандын чекеш облустарынын хокимдеринин ишин колдоого алуу жана активдштирүү зарыл.

«Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин тактоо «жөнөкөйдөн татаалга» принциби боюнча улантылып жаткандыгы кубандырат. Жана бул иште чоң прогресс бар. Биз аталган ишти да активдүү улантышыбыз кажет», - деп жыйынтыктады ал.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов белгилегендей, бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда өнүгүп жаткан мамилелерди эки мамлекет башчысы негиз салган жаңы баскыч катары атаса болот.

«Биз, өзүбүз тараптан эки өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшообуз керек. Биздин кызматташуудагы артыкчылыктуу багыт катары соода-экономикалык мамилелер болушу керек. Биз өзүбүз тараптан ачык кызматташтыкка жана ал үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз», - деди Абдулла Арипов.

Ошондой эле ал маалымдагандай, өзбек ишканалары өз продукциясын Кыргызстан аймагына экспорттоого жана кыргыз продукциясын Өзбекстан рыногунда көрүүгө даяр.

«Биз өлкөлөрүбүздө биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча активдүү ишти улантышыбыз керек. Мындан тышкары, эки мамлекеттин үч облусунун тийиштүү багытта өнүгүп жаткан кызматташтыгын кубануу менен белгилеп кетким келет. Муну менен Өзбекстан жана Кыргызстан аралык эки тараптуу мамилелердин тереңдеши тастыкталууда», - деп кошумчалады Өзбекстандын Премьер-министри.

Пикир

Оставить комментарий