• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балдардын көйгөйлөрү жашыруун мүнөзгө ээ жана үй-бүлөдөн тышкары чыкпайт - Исаков

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. Биздин милдет жарандардын коопсуздугун камсыздоодо укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин пайдалануу менен ишке ашыруу болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-мартта, «Кыргыз Республикасындагы биргелешкен коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу саясаты» боюнча улуттук конференцияда сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын ишиндеги негизги басымды кылмыштуулукту болтурбоого, коопсуз чөйрөнү түзүүгө, мыйзам бузуулардын себебин аныктоо жана аны четтетүүгө коюу керек. Алдыга коюлган максаттарга мамлекеттин, жарандык коомдун, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана бардык көңүлкош карабаган жарандардын биргелешкен аракети менен гана жетишүүгө болот», - деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Өкмөт башчы укук коргоо органдары бул коомчулуктун бир бөлүгү, ошондуктан, коомчулук менен паритеттүү жана жооптуу кызматташтыксыз оң жылыштарга жана жыйынтыктарга жетүүгө болбойт деп белгиледи.

«Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча укуктук базадагы кемчиликтер белгиленди. Укуктук колдонуудагы иш-тажрыйбаны эске алып, биргелешкен аракеттер менен мыйзам бузууларды профилактикалоонун реалдуу механизмдерин түзгөн жана бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритмдерин аныктаган өзгөртүүлөрдүн пакетин даярдоо мүмкүндүгүбүз бар», - деп билдирди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, балдар – бул биздин келечегибиз.

«Ошондуктан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин биринчи кезектеги милдеттеринин бири. Тилекке каршы, бул жааттагы программалык документтердин бардыгына карабастан, балдарды көзөмөлдөө жана балдарга карата көрсөтүлгөн зомбулукту азайтуу көйгөйлөрүн толугу менен чечүүгө мүмкүн болбой жатат. Мамлекеттик органдар бул багытта максаттуу иштеп жатышат, бирок негизги жүк мектепке жана милицияга коюлуп жатат. Ошол эле учурда балдардын көйгөйлөрү жашыруун мүнөзгө ээ жана үй-бүлөдөн тышкары чыкпайт. Ошондуктан ювеналдык юстициядагы башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдеп жана кийрүү керек», - деди Премьер-министр.

Премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун камсыздоо маселесине тийиштүү маалымдагандай, Өкмөт тараптан жол коопсуздугу тутумун комплекстүү реформалоо боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.

«Учурда ылдамдыкты жогорулатуу, стоп-сызыкчаларды эске албоо, светофордун тыюу белгисине көңүл бурбай өтүү үчүн жазалоону катаалдаштырууну караган «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү үстүндө иштер жүрүүдө. Жол коопсуздугун камсыздоонун маанилүү элементи катары кыймылды көзөмөлдөөнүн заманбап тутумун киргизүү жана жол кыймылы эрежелерин бузуусу үчүн жоопкерчиликти аныктоодогу адамдык факторду минималдаштыру болуп калуусу тийиш», - деди Премьер-министр жана анын ишинин негизги багыты болуп «Таза коом» алкагындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашырылышын акыр-аягына чейин жыйынтыктоо болуп эсептелээрин баса белгиледи.

Өкмөт башчы жарандык коом өкүлдөрүн жакынкы арада коомдук талкууга алынып чыга турган «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу концепциясын дыкаат иликтеп чыгууга чакырып кетти.

Премьер-министр Сапар Исаков маалымдагандай, келечекте милицияны полицияга өзгөртүп түзүү жолу аркылуу анын тышкы көрүнүшүн өзгөртүү мүмкүндүгү каралууда.

«Милиция – милитаристик, авторитардык, аскердик түзүм, ал советтер мезгилинен бери карай келе жатат. Милиция процесс жана статистикага, ошондой эле коомчулуктун анын ишмердүүлүгүнө минималдуу таасир кылуусуна багытталган. Полиция – мамлекеттик укук коргоочу орган. Грек тилинен которгондо полиция сөзү мамлекет, же шаар деген сөздү туюндургандыгына карабастан, полициянын концептуалдык милдеттери катары: кызматташтык, жарандык коом жана жарандар менен байланышуу, ошондой эле алар үчүн сервистик кызмат көрсөтүү, анын ичинде алардын укуктарын жана эркиндигин коргоо кирет», - деп белгиледи Премьер-министр Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий